Бугу 12, 2024
Убакыт: 04:52
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россиялык сот GM Uzbekistan автоконцернинин экс-башкы директору Тохиржон Жалиловдон карызын төлөөнү талап кылууда

23.06.2020 20:06
930
Россиялык сот GM Uzbekistan автоконцернинин экс-башкы директору Тохиржон Жалиловдон карызын төлөөнү талап кылууда


Воронеж облусунун Арбитраждык соту өзбек бизнесмени, өзбек-америкалык GM Uzbekistan автоконцернинин экс башкы директору, Uz-Daewoo автомобилдеринин жана “Км/ч” автосалондорунун Воронеждеги дилери Тохиржон Жалиловду банкрот болгон насыя алуучулардын тизмесине киргизди деп маалымдады “Коммерсант” басылмасы.


“Возрождение” банкынан бир нече келишимдер боюнча 502,99 млн руб (7,3 млн доллардан ашык) насыя акча алган бизнесмен Т.Жалилов 2019-жылы банкротко учураган.


Жалилов мурда коррупция боюнча да шектелип Өзбекстанда камакка алынган, бирок 2017-жылы бошонуп “Узавтосаноат” мамлекеттик холдингинин башкармалыгында төраганын орун басары, андан кийин “Узбекозиковкатхолдинг” компаниясынын төрагасы кызматына дайындалган.


Жалилов өзбек өндүрүшүнөн Россияга жөнөтүлгөн автомобилдерди криминалдык схемалар боюнча сатып, акчаларын оффшордук банктардагы эсептерге которуп тургандыгы жөнүндө да маалыматтар бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн