Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 00:11
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россиянын Агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

27.02.2021 10:25
591
Россиянын Агартуу министри иш сапары менен Кыргызстанга келет

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен Орусия Федерациясынын Агартуу министри С.С. Кравцовдун ортосунда видео жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.


Эки министрдин сүйлөшүүсү жылуу жана достук маанайда өттү. Тараптар эки мамлекеттин билим берүү жаатындагы кызматташтыгын кеңири талкуулашты.


Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын аймагында билим берүү мектебинин курулушу жана эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу сөз болду.


Баарлашуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Тараптардын биргелешкен аракеттерин аркасы менен билим берүү жаатында кыргыз-орус мамилелери тез өнүгүп жатканын баса белгилеп, Орусия Федерациясынын Агартуу министри Кравцов Сергей Сергеевичти Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келүүгө чакырды. Бул эки өлкөнүн Президенттеринин жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча алгачкы сапарлардын бири болуп, билим берүү жана илим жаатында тыгыз кызматташууну улантууга болгон бекем ниеттин көрсөткүчү болмокчу. С.С. Кравцов Алмазбек Бейшеналиевдин сунушун кубануу менен кабыл алды. Орусия Федерациясынын Агартуу министри Сергей Кравцовдун Кыргызстанга болгон иш сапары 2021-жылдын март айына пландалууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн