Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 17:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Россиянын Агартуу министрилиги айылдардагы мектептерди өнүктүрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасына кызыкдар

15.03.2021 13:19
501
Россиянын Агартуу министрилиги айылдардагы мектептерди өнүктүрүүдө Кыргызстандын тажрыйбасына кызыкдар
Бүгүн, 15-мартта, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев жана Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов өз ичине төмөнкүлөрдү камтыган сүйлөшүүлөрдүн протоколуна кол коюшту.  Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Орусия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы;  
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын билим берүү стандарттарын ишке ашыруучу биргелешкен билим берүү уюмдарын куруу, түзүү жана иштетүү маселелерин иштеп чыгуу боюнча биринчи кезектеги иш-аракеттер планы. 

“Биздин президентибиздин Орусия Федерациясына жасаган иш сапарынан кийин сүйлөшүлгөндөр боюнча иш баштагандардын алгачкысы Агартуу министрлиги болгону айгине. Бул, айрыкча бизди бириктире турган биргелешкен билим берүү платформасы боюнча иш, биз үчүн абдан маанилүү. Биз тыгыз кызматташууга, өз ара кызматташуунун жаңы барагын ачууга даярбыз”, – деди Алмазбек Бейшеналиев.

Өз кезегинде Сергей Кравцов кыргызстандык кесиптешине жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, төмөнкүлөрдү баса белгиледи: “Биздин кызматташтыгыбыз Кыргыз Республикасы үчүн да, Орусия Федерациясы үчүн да пайдалуу болоруна ишенем. Бизде көптөгөн жалпы нерселер бар, сиздердин айылдык мектептер, улуттук тил маселелери боюнча тажрыйбаңыздар бизге абдан кызык. Биз өз ара кызматташууга даярбыз, билим берүүнүн, окуу китептеринин сапатын жана мазмунун баалоо, эл аралык изилдөөлөрдү жүргүзүү жаатындагы, мугалимдерди даярдоо маселелерин жана жалпы эле билим берүүнү башкаруу системасындагы иштелмелерибизди көрсөтүүгө даярбыз. Россия Федерациясы башталгыч мектептер үчүн PIRLS эл аралык изилдөөсүндө биринчи орунда турат. Москвада PIRLS жана PISA боюнча жыйынтыктарды Сингапур жана Түштүк Корея менен салыштырууга болот, жыйынтык абдан жогору. Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында балдардын эс алуусун уюштурууга, тарбиялоого көп көңүл бөлүнүүдө, биз чоң программаны – тарбиялоо иши боюнча кеңешчилерди уюштурууну баштап жатабыз”.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн