Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 05:05
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Россиянын Федералдык Кеӊеши Чыныбай Турсунбековдой асыл инсанды эч качан унутпайт, - Матвиенко

09.07.2020 08:36
1222
Россиянын Федералдык Кеӊеши Чыныбай Турсунбековдой асыл инсанды эч качан унутпайт, - Матвиенко


Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊешинин төрайымы Валентина Матвиенко Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу төрага Дастанбек Жумабековго көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.


Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, телеграммада Турсунбеков Чыныбай Акуновичтин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганы жазылды.

 

“Биз Чыныбай Акуновичтин парламенттер аралык байланышты өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалайбыз. Анткени ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын ишине Кыргызстандын парламенттик делегациясынын жигердүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурчу.


Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеӊеши аталган асыл инсанды эч качан унутпайт!

 

Федерация Кеңешинин мүчөлөрүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, урматтуу Дастанбек Артисбекович жана Жогорку Кеңештин депутаттарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Ошондой эле Чыныбай Акуновичтин туугандарынын жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз!”, - деп жазылат телеграммада.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн