Бугу 17, 2024
Убакыт: 11:03
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Д.Жумабековду Нооруз майрамы менен куттуктады

20.03.2020 15:06
734
Россиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Д.Жумабековду Нооруз майрамы менен куттуктады


Россиянын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековду Нооруз майрамы менен куттуктады, деп билдирди парламенттин басма сөз кызматы.


Куттуктоо текстинде мындай деп айтылат:


“Сизди келе жаткан Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Кубанычтын жана жаңылануунун жазгы майрамы саналган Нооруз көптөгөн элдердин тарыхый, маданий жана руханий мурастарынын маанилүү бөлүгү катары сакталып келет. Бул күнү каада-салттын бийиктиги даңазаланып, жагымдуу үмүт-тилектер айтылат.


Учурдан пайдаланып белгилей кетчү жагдай, Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңеши парламенттер аралык кызматташтыкты жигердүү улантууну көздөйт жана өлкөлөр аралык бардык багыттагы алакаларды арттырууга кызыкдар.


Урматтуу Дастанбек Артисбекович, Сизге жана Жогорку Кеңештин бардык депутаттарына бекем ден-соолук, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүңүздөргө зор ийгиликтерди каалайм! Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүүнү тилейм!", - деп айтылат куттуктоодо. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн