Бугу 06, 2024
Убакыт: 08:15
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Россиянын Украинадагы операциясында дагы бир 26 жаштагы кыргызстандык жоокер каза болду

26.03.2022 15:23
599
Россиянын Украинадагы операциясында дагы бир 26 жаштагы кыргызстандык жоокер каза болду

Украинадагы салгылашта Рустам Зарифулин аттуу дагы бир кыргызстандык жаран каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиги маркумдун жакындарына таянып жазып чыгышты.


Андагы маалыматка ылайык, курман болгон жаран Кара-Балта шаарынын тургуну болгон. Ал 1996-жылы туулган жана бүгүн, 26-март күнү 26 жашка чыкмак


 Мекендешибиз Харьков облусундагы Изюм шаары үчүн болгон салгылашта курман болгон. Маркумдун сөөгү 27-мартта жерге берилери маалымдалды.


Тышкы иштер министрлиги азырынча бул окуя боюнча маалымат бере элек.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн