Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:41
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Россиянын чек арасында турган кыргызстандыктардын абалы айтылды

02.04.2020 17:11
990
Россиянын чек арасында турган кыргызстандыктардын абалы айтылды


Россиянын аэропорт жана чек арасында турган кыргыз жарандары менен элчилик байланышты. Бул тууралуу аталган өлкөдөгү элчиликтен кабарлашты.


Маалыматка ылайык, Новосибирск шаарынын аэропортунда 294 Кыргызстандын жараны турат, бардык жүргүнчүлөр “S7” авиакомпаниясынан билет алышкан. Транзиттик аймакта 6 жаран күтүүдө, алар 26-мартта Нячанг шаарынан (Вьетнам) учуп келишкен.


“Аэропорттун жалпы залында 105 жаран отурат, убактылуу жатаканада 7 жаран, ал эми айрымдары аэропорттон алыс эмес жерлерден авиа каттам жөнгө салынганга чейин убактылуу турак жай ижарага алышты. Айрымдары Россиянын аймактарына чыгып кетишкен”, - деп элчиликтен билдиришкен.


Ошондой эле, мекендештерге күнүнө эки жолку тамак уюштурулуп, медициналык көмөк көрсөтүлүп, 67 адамдын миграциялык картасынын мөөнөтүн узартылып берилгени кабарланат.


Ал эми, Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарында, россия-казак чек арасында 100гө жакын адам жеке мейманканаларга жайгаштырылгандыгын, 3 үй-бүлө жергиликтүү имамдын көмөгү менен баш калкалап жатканы белгилүү болду. Ал эми 15 жаран өз каалоосу менен унааларында калып, чек аранын ачылышын күтүп жатканы айтылды. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн