Россиянын бардык аймактарында 14-мартта саат 0:00дөн тарта Instagram социалдык тармагы толук жабылды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Роскомнадзор тарабынан эки күн мурда кабыл алынган. Анын жабылышына Украиндагы кырдаалдан улам Instagram'да такталбаган, фейк маалыматтардын тартылышы жана согушту пропагандалоо болгон.
Instagram социалдык тармагын жабуу демилгеси Мамлекеттик Думанын депутаттары тарабынан демилгеленип, колдоо тапкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн