Баш оона 21, 2025
Убакыт: 22:44
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Россиянын эл аралык резервдери 122 миллион долларга өстү

05.06.2020 20:54
1277
Россиянын эл аралык резервдери 122 миллион долларга өстү


Россиянын Борбордук банкынын басма сөз кызматы өлкөнүн эл аралык резервдери 2020-жылдын 1-июнуна карата $566,134 миллиардды түзгөндүгүн билдирди. Эл аралык резервдердин жалпы суммасы 1-майга карата $566,012 млрд эле, демек бир ай аралыгында резервдер 122 миллион долларга өскөн.


Борбордук банктын маалыматы боюнча эл аралык резервдердин жалпы структурасында чет өлкөлүк валюта $438,57 миллиардды, монетардык алтын $127,57 миллиардды түздү. Ал эми апрель айында Россиянын эл аралык резервдери $2,539 миллиардга өскөндүгүн эске салсак, кыска аралыктагы айырма асман менен жердей экендигин баамдоого болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн