Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:58
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Россиянын футбол боюнча чемпиондугу күйөрмандарсыз уланат

15.05.2020 17:25
1152
Россиянын футбол боюнча чемпиондугу күйөрмандарсыз уланат


Футбол боюнча Россиянын Премьер-лигасы күйөрмандарсыз уланат. Бул тууралуу аталган федерациянын басма сөз кызматы ЖМКларга кабарлаган. 


Маалыматка ылайык, учурда машыгууларын жандандыруу жана чемпиондукту улантуу регламентти бийлик өкүлдөрү менен бирге каралып жатат. Ал эми оюндар күйөрмандары жок өтөрү буга чейин чечилген.


Эске салсак, футбол боюнча Россиянын Премьер-Лигасы коронавирус инфекциясына байланыштуу март айында токтотулган.


Учурда 22 оюндан кийин 50 упай топтогон “Зенит” турнирдик тизмеде сап башында келе жатат. Алдынкы үчтүккө 41 упайдан топтогон “Локомотив” жана “Краснодар” кирген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн