Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 02:12
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Россиянын маданият күндөрүнө катышуу үчүн РФнын Маданият министринин орун басары келди

13.08.2021 12:43
1462
Россиянын маданият күндөрүнө катышуу үчүн РФнын Маданият министринин орун басары келди



Бишкек шаарына Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Ольга Ярилова баштаган расмий делегация жана чыгармачылык топтун өкүлдөрү келди.  Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.


Аларды Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Виктор Харченко тосуп алган.


Маданият күндөрү Бишкек шаарынан сырткары Кант шаарында өтөөрү күтүлүүдө. Жалпы чыгармачыл топ 80ге жакын адамды түзөт.


Алар бай орус маданиятын тааныштыруу менен бирге, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий алакалар тууралуу сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, расмий делегациянын курамында Башкортостан Республикасынын Маданият министри Амина Шафикова, Коми Республикасынын маданият, туризм жана архив иштери министри Мария Балмастова, Дагестан Республикасынын Маданият министри Зарема Бутаева, Россия Федерациясынын Мамлекеттик кино фондунун башкы директору Е.В. Филатов, Орус театр искусство институтунун жалпы иштер боюнча проректору (ГИТИС) М.Г. Кирюшкина жана бир катар маданий мекемелердин жетекчилери бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн