Чын курандын 24, 2025
Убакыт: 12:11
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледжин ачууну сунуштады

12.10.2023 13:33
262
Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледжин ачууну сунуштады


Россиянын "Синергия" университети Кыргызстанда IT колледж ачууну сунуштады. Бул тууралуу КР Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ЖОЖдун өкүлдөрү мындай демилгени кечээ кыргыз-орус аймактар ​​аралык 10-конференциянын алкагында өткөн кыргыз-орус ишкерлер кеңешинин жыйынында билдиришти.

Мындан тышкары, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталары Россиянын аймактарында бал жана жаңгак фестивалдарын өткөрүүгө макулдашты.

Жыйындын жыйынтыгында эки документке кол коюлду:

1. Илимий-техникалык, билим берүү жана маданият тармактарында кызматташууну кеңейтүүнү караган Ишкер кеңештин кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча жол картасы;

2. КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, КР Соода-өнөр жай палатасынын Ош облустук бөлүмү жана РФ Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда облуста өнөр жай паркын түзүү жөнүндө меморандум.

2024-жылы Ысык-Көлдүн жээгинде маданий жана ишкердик иш-чаралары өткөрүү пландаштырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн