Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 02:01
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Россиянын үч шаарынан чартердик каттам менен 421 кыргызстандык жаран келди

27.08.2020 09:14
890
Россиянын үч шаарынан чартердик каттам менен 421 кыргызстандык жаран келди


«Манас» Эл аралык аэропортунда 26-августта Россиядан үч каттамды тосуп алышты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, Кыргызстанга "Урал аба жолдору" аваикомпаниясынын чартердик каттамы менен Екатеринбургдан 164 кыргызстандык учуп келди, арасында жаш балдар да бар.

Андан тышкары,  "Авиа Траффик" аваикомпаниясынын "Москва – Бишкек" багыты боюнча чартердик каттамы менен 136 кыргызстандык кайтып келген.

Ошондой эле Кыргызстанга "Сибирь (S7)" авиакомпаниясынын "Новосибирск–Бишкек" багыты боюнча чатердик каттамы менен 121 кыргыз жараны кайтарылды, арасында жаш балдар бар.

Чартердик каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР президенти жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн