Бугу 13, 2024
Убакыт: 02:47
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Россиянын жараны Кыргызстандан дээрлик 70 миң доллар алып чыгууга аракет кылган

27.11.2023 12:27
246
Россиянын жараны Кыргызстандан дээрлик 70 миң доллар алып чыгууга аракет кылган


“Достук-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунун чек арачылары чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү аракетине бөгөт коюшту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, эртең менен өткөрүү пунктуна Россия Федерациясынын жараны 1982-жылы туулган А.А. келген. Чек ара көзөмөлү учурунда анын 69 миң 800 доллары бар экени аныкталган.


«Жаран республиканын бажы мыйзамдарын бузуп, декларациясыз валютаны алып өтүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин чет элдик жаран жана анын акчасы андан ары териштирүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», - деп кошумчалады Чек ара кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн