- Роза эже, Кара-Буура районуна Айтматовдун ысымы берилишин коомчулук ар кандай кабыл алды. Бирөөлөрү “туура болду” десе, кээ бирөөлөрү “Чыңгыздын ысымын райондун деңгээлине түшүрүп салды“ деп нааразы болушууда. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?
- Мурунку өзүнүн аты Кара-Буура эле жакшы болчу. Ал киши хан болгон, элди коргогон. Анын мүрзөсү Казакстанда. Казак баурлар да жыл сайын барып, куран окуп турушат экен. Азыр аймактар ирилештирилип атпайбы. Балким, биздин район деле жоюлуп, башка райондорго кошулуп кетиши мүмкүн. Бакай-Ата ортодогу район, балким, ошонун атынан Бакай-Ата району болуп калар. Же Талас району деп койсо деле болот. Илгери союз мезгилинде ошондой болгон. Ал кезде аз эле район бар болчу да. Кийин көбөйтүп, бөлүп-бөлүп коюшту. Биздин облус кичинекей эле да.
- Илгиз агай ооруп атабы?
- Ооба. Көзү көрбөй калган, кулагы да жакшы укпайт. Ошон үчүн тияк-быякка чыга албай калган. Өмүр бою илим менен алектенген киши укпай, көрбөй калса, ички дүйнөсү аябай кыйналат экен. Бир уул, бир кызы бар. Баласы карап атат азыр. Жеңе да жакшы карап атты эле, ал өзү катуу ооруп калды. Анын деле жашы бир топко келип калды да, сексен сегизде.
- Атаңыз Төрөкул ава аябай сулуу киши болгон экен. Чыңгыз аба апа тарабына көбүрөөк окшоп кеткен окшойт?
- Чоң атабыз Айтмат мурду чоң киши болуптур. Келиндери тергегенде “чоң мурун аке” деп тергешчү экен. Аны көргөн кишилер азыр жок, бирок мурун “Чыңгыз чоң атасына окшоп кетет” деп айтышчу. Атамдын быйыл 120 жылдыгы белгиленип атат, Чыңгыз 95ке чыкмак. Тогуз жашына чейин эле тарбиялаган экен, анан кийин камалып кетип атпайбы. Раззаков менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде агропромдун имараты турбайбы. Илгери ошол жерде бала бакча бар болчу. Чыңгыздын азыркы эстелиги ошол бала бакчанын короосунда турат. Ошол кезде 19 жаштагы Райкан Шүкүрбеков “Ленинчил жашта” журналист болуп иштеп жатканда ага “ата-энелер балдарын тарбиялаганга багыт алгандай макала жаз” деп тапшырма беришет. Райкан ошол бала бакчага барып, “мага чоң группаны бергиле, сүйлөшөм” дейт. Ага айтканындай кылып, шарт түзүп беришет. Журналист балдарды тегерегине отургузуп алып, суроо бере баштайт. “Үйдөн эмне кыласыңар? Кандай оюнчугуңар бар? Жомок угасыңарбы? Бала бакчада эмне жагат?” деген сыяктуу. Жаш балдар да, кээ бири тартынып, уялып жакшы сүйлөй албайт. Бир бала эле тартынбай, жакшынакай сүйлөп атат дейт. Райкан калган балдарды кайра жиберип, ошол баланы алып калса, ал Чыңгыз болуп чыгат. Ошондо агам алты жарым жашта экен. “Оюнчуктарыңдын кайсынысын жакшы көрөсүң?” деп сураса “машинемди” дейт. Ал кезде машина жаңы келген маал да, андыктан, оюнчук машина да аябай сүйгүнчүк болгон окшойт. 1934-жылы август айында Шүкүрбековдун “Чыңгыз шофер болом” дейт аттуу макаласы чыгат. Бул эми таңгаларлык окуя да. Болочоктогу эки чоң талант. Бирөө он тогуз, бирөө алты жарым жашта...
Кийин биздин атабыз репрессияланып, 20 жыл башыбыздан кыйын кезеңди өткөрдүк. Биздин айылда Иманбек-Арык деген чоң суу бар. Ал арыкты Иманбек болуш Күркүрөө суусунан каздырган экен. Ошол арык ушу күнгө чейин багат биздин элди. Райкан Шүкүрбеков ошол Иманбектин небереси. Ал киши аябай таланттуу болчу да. Ошондон улам көралбагандар “бул байдын баласы” деп көп жармашты. Чыгармачыл, акын киши назик болот эмеспи, жанагындай сөздөрдү көтөрө албай кичине кыйналып калат. Бир жолу Чыңгыз калем акысын алайын деп жазуучулар союзуна келсе, Райкан ошол жерде экен. Гонорарынан бир аз берип коюптур. Анан келип, апама айтып атпайбы, “гонорарымдын бир бөлүгүн Райкан акеге бердим” десе, апам “туура кылыптырсың. Анын да тагдыры оор болуп калды. Төрөкул аны аябай жакшы көрчү эле. “Азыр жаш, баралына жеткенде абдан мыкты акын болот” дечү” деген. Кийин Райкандын түз жолго түшүп, кайра чыгармачылыгы өркүндөй башташына Чыңгыздын кандайдыр бир таасири бар болуш керек деп ойлойм. Биз Москва көчөсүндөгү 141-үйдө жашачубуз. Райкан да ошол жерден квартира алган. Биз экинчи, ал үчүнчү кабатта жашачу. Чыңгыз “Кызыл жоолук жалжалым” повестин жазганда Илястын үй-бүлөсүн бузган аялдын атын Райкан деп коюптур. Райканды достору аябай шылдыңдашат. “Иним дейсиң, ал болсо сенин атыңды аялга коюптур. Болгондо да бузулган аялга” деп. Байкуш киши чыдабай түштө үйгө келиптир. Ал маалда эч ким жок, апам эле бар. “Көңүлү жок, аябай кыйналып отурду” дейт. “Эмне болду сага?” деп сурасам, “Чыңгыз ушинтип коюптур” дейт. Апам “кейибе, келсе мен айтайын” дейт. Анан Чыңгыз келгенде апам Райкандын таарынычын айтса, агам ошол замат үчүнчү кабатка чуркап чыгыптыр. “Раке, кечирип коюңуз, мен ойлонбой эле коюптурмун, кийинки чыгарылышта атын өзгөртөм” дейт. Чын эле кийин өзгөрүп калды. Ал кайтыш болгондо Чыңгыз өзү барып, көмгөнүнө каралашкан. Сөөгүн көтөрүп турган сүрөтү да бар. Чыңгызды да аябай сындашкан да жаңы чыкканда. “Бул жери мындай, тигил жери тигиндей” деп. Кайсы бир жерде ошентип талкуулап отурушканда Райкан тура калып (өзү ошондой резкий киши болчу), “Чыңгыздын чыгармалары да сонун, өзү да сонун. Эч кимиңер ага жете албайсыңар!” деп басып кетиптир. Ошентип коргоп жүргөн экен да...
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн