Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:19
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Роза Айтматова: Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлгөнү - “жапайычылык"

09.04.2021 13:44
943
Роза Айтматова: Айзада Канатбекованын уурдалып, өлтүрүлгөнү - “жапайычылык"

Чыңгыз Айтматовдун карындашы Роза Айтматова Айзаданын өлүмү боюнча  пикирин билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттык" үналгысына маек курган.


Айтматованын айтымында, "кыз ала качуу" деген түшүнүктү мыйзамдан алып, "кыз уурдоо" деген түшүнүккө алмаштыруу керек. Болбосо азыркыдай окуялар кайталана бериши мүмкүн. 


"Мыйзамдарды катуулатыш керек. Бир жагынан милициянын иштөө ыкмасына, багытына көңүл буруш керек. Бүгүн аялдар митингге чыккан экен. Мен муну туура деп жатам. Мындай учурда унчукпай коюуга болбойт. Мындайга жеткирген болбойт. Бул - жапайчылык! Ар бир адам бул окуяга көз карашын билдирип, чара көрүлүшү керек. Айзаданын ордунда менин кызым болсо кантмекмин, кызымдын да, эркегимдин да кулагына куяйын дегенди ар бир ата-эне ойлонсун.

Элдин кайдыгерлигин айтып атпайсыңбы, элдин арасында иш жүргүзүп, кинолорду, спектаклдерди коюп, элди ойго салыш керек. Үй-бүлөдө ата-эне эркек баланы тарбиялаганда кызды жөн эле ала качпай, бири-бириңди жактырганда гана үйлөн, куда-кудагый менен сүйлөшөлү деп багыт бериш керек. Азыр мүмкүнчүлүк бар экенин канчалаган тойлор далилдеп жатпайбы" ,- деди Роза Айтматова.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн