Бугу 04, 2024
Убакыт: 11:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Роза Отунбаева 8-марттагы митингдин таратылуусу боюнча пикирин билдирди

10.03.2020 12:49
1069
Роза Отунбаева 8-марттагы митингдин таратылуусу боюнча пикирин билдирди

8-мартта аялдардын укугун коргоо чакырыгы менен менен машрга чыккан аялдардын таратылышы боюнча бийлик ачык позициясын билдирүүсү керек. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева бүгүн, 10-мартта аялдардын укугун коргоого чакырган тынчтык митингинде билдирди.  Анын айтуусуна караганда мындай Кыргызстандын демократиялык имиджине шек келтирип жаткан, эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жаткан окуя боюнча Кыргыз бийлиги ачык пикирин билдирүүсү керек.


"Ачык позициясын билдириши керек. Кыргызстандын демократиялык өлкө катары калыптанган имиджине шек келип жатканда, бүт дүйнөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазып жатканда карап туруу болбойт.  Милиция кызматкерлеринин мындай аракети үчүн Ички иштер министри кызматынан кетүүсү зарыл. Биз 10 жылдап Кыргызстандын ушундай демократиялык имиджин калыптандырганбыз. Мына ушундай обончуларга далай жолу каршы турганбыз.  Канча мына минтип сары гүлдөрдү көтөрүп жүргөнбүз. А бүгүн мындай Кыргызстанды каралаганга жол бербейбиз. Бүгүн мындан да көп эл келгенде жакшы болмок.  Анан коркпош керек обончулардан дегеле эч кимден. Алар буга чейин болгон боло берет.  Аялдарга болгон зомбулук, балдарга болгон зомбулук боюнча Кыргызстан дүйнөдө сап башында турат. Эмнеге намыстанбайбыз, эмнеге мына ушинтип бирөөнүн бетин тытабыз деп, ажылдап келип атабыз. Менин оюмча бул шермендечилик",- деди Роза Отунбаев.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн