Азыркы бийликте Курманбек Бакиевдин кишилери толуп калды. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева журналист Майраш Базлакунова менен маектешкенде билдирген.
“Азыр Бакиевдин кишилеринин баары келип жатат. Журналисттерди өлтүргөн, артыбыздан аңдып жүргөн кишилер коопсуздук тармагындагы жогорку кызматтарга көтөрүлүп жатат. Башка тармактарды да ээлеп, Сыдыковдун уулу аман-эсен эле аэропортту башкарып жатпайбы. Ошол режим кайра ордуна келип жатат. Биз болсо билмексен болуп олтурабыз”, - дейт ал.
Пикирлер (2)