Бугу 18, 2024
Убакыт: 10:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Роза Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган

10.06.2020 14:53
1652
Роза Отунбаева: Июнь окуясы атайын уюштурулган


Июнь коогалаңы атайын уюштурулган деген аныктама беребиз, деп билдирди экс-президент Роза Отунбаева “Азаттык” радиосуна берген маегинде Июнь окуясын эскерип жатып.


Анын айтымында, коогалаңды уюштурууга көп күчтөрдүн кызыкчылыктары бар болчу. Өзгөчө наркотрафик, криминалдык күчтөрдүн таасири зор болгон.


Ал белгилегендей, Убактылуу өкмөт түзүлгөндөн кийин эки айга жетпей, Июнь коогалаңы башталып кетти. Ошол окуяда өлкөдөгү улуттар аралык мамиленин начардыгы, кемчиликтер даана көрүнүп, сыртка чыкты.


“Убактылуу өкмөт, ошол убактагы бийлик али бутуна тура элек болчу. Биз көбүнчө Бишкекте, анын тегерегиндеги маселелер менен алпурушуп турганбыз. Эсиңерде болсо керек, Маевкада, Токмокто бир топ кармашуулар болуп жатты. 100дөн ашык ар кандай митингдер өттү. Биз түнү менен ошол маселелер менен алек болуп жаттык. Чынын айтканда ал убакта туруктуу күч жок болчу", - деди Роза Отунбаева.


Ал белгилегендей, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана Оштогу өкүлү катары ал аймакты кармап турган. “Окуяга байланышкан сигналдарды угуп, ошол жакка дароо тиешелүү адамдарды жиберген болчубуз. Экинчиден Азимбек Бекназаров баш болгон адамдар барып турду. Исмаил Исаковго кадр маселелери боюнча укук берилип, майдын башында эле жиберилген”, - деп айткан Отунбаева.

 

 

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн