Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 01:43
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Роза Отунбаева: Садыр Жапаровду чын жүрөктөн куттуктайм!

15.01.2021 09:46
2405
Роза Отунбаева: Садыр Жапаровду чын жүрөктөн куттуктайм!


Экс-президент Роза Отунбаева 10-январдагы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодон жеңип чыккан Садыр Жапаровду куттуктады. Отунбаева алдыда татаал реформалар турганын, бири-бирибизди колдосок гана ийгиликке жете турганыбызды билдирген.


Сизди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна шайланышыңыз менен чын жүрөктөн куттуктайм! Сиз бул кызматка өлкө оор социалдык-экономикалык кризисти башынан өткөрүп жаткан маалда келип жатасыз. Өткөн шайлоонун жыйынтыгы адамдардын келечекке болгон үмүтү жана ишеними сизден көз каранды экендигин айкын көрсөттү. Сиз добуштардын басымдуу көпчүлүгүн алдыңыз. Алдыда татаал реформалар күтүп турат. Ар бирибиз өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарын түшүнүп, колдосок гана ийгиликке жетебиз деп терең ишенем. Элибиз “Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” дейт эмеспи. Коомдогу бардык күчтөрдүн башын бир максатка бириктирип, бир багытка баштоого дараметиңиз жете турганына, Сиздин жетекчилик менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн отузунчу жылы чоң бурулуштардын жылы боло турганына ишенем”, - деп айтылат Отунбаеванын куттуктоосунда.

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Сабыр Тилегенов
СЕНИН КУТТУКТООҢО САДЫР ЖАПАРОВ ЗАР ЭМЕС МЫРКА!!! СЕН КӨТҮҢДҮ КЫСЫП,ПЕНСИЯДАН БАШ ТАРТЫП,МАМЛЕКЕТКЕ МҮЛКҮҢДҮ КОНФИСКАЦИЯЛАТ!!!!
Ильяс Муратбеков
Отунбаева олумуш болбой, пенсиясынан озу отказ кылсын, болбосо сот аркылуу жетебиз. Экс макамын тапшырсын.
Козубаева Гулжан
Роза Отунбаева кечее эле кырсык шайлоо болду деп жатты эле бугун жакшы Садыр Жапаровду куттуктаптыр.Бирок бул адам эки жуздуулугун корсотуп жатат Роза эже пендеден уялбасаныз кудайдан уялсаныз оозунузга киргенди суйлой бергенден Facebookтан окуп биз уялабыз сиздей президентти убагында иштеткенге