Баш оона 25, 2025
Убакыт: 00:45
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

“Рух Ордо” мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды

19.12.2023 11:53
492
“Рух Ордо” мамлекеттин балансына өтүп, республиканын бюджетине 537 миллион сом кайтарылды


2023-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Рух Ордо” туристтик-экскурсиялык борбору мамлекеттин балансына өткөрүлүп, республикалык бюджетке 537 миллион сом кайтарылды.


Мындан тышкары, КР УКМК тарабынан К.Асанбекке таандык мүлктү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.


Белгилей кетсек, КР УКМК тарабынан К.Асанбектин кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын алкагында, 2023-жылдын 21-ноябрында уюшкан кылмыштуу топту каржылоого катышкан Александр Сан аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн