Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 11:51
USD
86.50
86.85
EUR
90.40
91.40
RUB
0.855
0.885

Эки жаңы конуштун таштанды үчүн карызы 1 млн сомго жетти

02.09.2020 11:44
1185
Эки жаңы конуштун таштанды үчүн  карызы 1 млн сомго жетти


Бишкек шаарындагы эки жаңы конуштун жашоочуларынын таштандылары үчүн коммуналдык кызматтарга 1 миллион сомго жакын карызы бар. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.


Маалыматка караганда,  карыздын жалпы суммасы 958 миң 945 сом болсо,  анын ичинен: "Рухий Мураста" 399 миң 660 сом 340 жеке эсеп, "Алтын  Ордодо" 301 жеке эсеп 559 миң 285, 77 сомго жеткен.


"2017-жылдан бери эсептерин төлөбөгөн тургундар бар, бир жеке эсеп боюнча эң чоң карыз 8230 сомду түздү. Бул конуштун жашоочулары таштанды чыгарышат да, бирок ал үчүн акча төлөбөйт. Жуманын аягында таштандыларын көчөгө чыгарып салышат, анан кайра нааразы болушат",  -  деп билдиришти мэриядан. 


Аталган конуштардан таштандыларды чогултуу  жана алып кетүү учурда иштери «Комтранском» ЖЧК тарабынан жүргүзүлөт. Ушул жумада ири карызга байланыштуу компания таштанды чогултууга келбейт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн