Бугу 21, 2024
Убакыт: 06:41
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Румыния кыргыз жаштары үчүн жогорку окуу жайда бюджеттик квота бөлүүгө даяр

27.05.2022 08:00
328
Румыния кыргыз жаштары үчүн жогорку окуу жайда бюджеттик квота  бөлүүгө даяр

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин өкүлдөрү Румыниянын борбору Бухарест шаарында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулады. Бул тууралуу Украинадагы элчи Идрис Кадыркулов билдирди.


Анын айтымында, кыргыз-румын эки тараптуу кызматташуунун алкагында, Элчилик биринчи жолу Бухарест шаарына (Румыния) иш сапары менен барып, төмөнкү бир нече маселелердин үстүнөн иш жүргүздү. 


- Эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү;

- Кыргыз-румын бизнес форумдарын өткөрүү;

- Кыргыз жарандарына консулдук тейлөө көрсөтүү;

- Кыргыз жарандарынын Румыниянын эң алдыңкы жогорку окуу жайларында бекер окутуу маселеси.


Үстүбүздөгү жылдын 25-майында Европанын эң алдыңкы 50 жогорку окуу жайынын арасына кирген, 15 факультети жана 30 миңден ашуун окуучусу бар, Румыниянын Политехникалык университетинин Ректору М.Костои мырза менен жолугушуу болду.


Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында румын тарап ушул окуу жылына бюджеттик негизде кыргыз тарапка квота түрүндө орун берүүгө даяр экендигин ырастады.


Алдын ала жетишилген макулдашуулар мындан ары Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги менен биргеликте иштелип чыгат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн