Руслан Бекназаров Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 12-декабрга чейин үй камагына чыгарылган. Мындай чечимди бүгүн райондук соттун тергөө судьясы чыгарды.
Бекназаров Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык башкармалыгынын башчысынын Свердлов административдик округу боюнча орун басары кызматын ээлейт.
Эске салсак, ал КР Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси боюнча айыпталган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн