Анталияда өткөн дипломатиялык форум Кыргызстан үчүн жемиштүү болду. Анткени, тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Иран, Малайзия, Кувейт, Пакистан, Афганистан, Украина, Румыния, Молдова, Хорватия, Черногория сыяктуу ондон ашык өлкөлөрдүн министрлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, соода-экономикалык, маданий гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, буга чейин аталган мамлекеттер менен кол коюлган келишимдердин аткарылышы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Эл аралык мындай саммитке барган министрлер, өкмөт башчыларыбыз деле бир иш бүтүрбөй “үй ээлери” тарабынан көрсөтүлүп жаткан сый-урматка корстон болуп, өлкө кызыкчылыгын ойлобой, курсагы тойгонуна сүйүнүп, кык бүтүрбөй, куру кол келгендерин көрүп эле жүрөбүз. Ал эми көкүрөгүндө патриоттук жалыны бар министр Руслан Казакбаев болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланып, берилген убакыттын бир да мүнөтүн текке кетирбей, майнаптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
- Руслан мырза, эл аралык форумда чек ара маселесин көтөрүпсүң, башка өлкөлөр, айрыкча Тажикстандын өкүлдөрү муну кандай кабыл алды?
- Эң негизгиси, мындай эл аралык форумда сөз удулу келди, айттык. Айтпай койсок туура эмес болуп калмак. Тажик министри деле туура кабыл алды. Себеби, бул жалаң эле эки өлкөнүн ортосундагы маселе эмес, жалпы Борбор Азиянын аймактык бүтүндүгүнө доо кетире турган көйгөй. Форумдун катышуучуларынын көңүлүн Тажикстан менен болгон чек ара чатагына буруу менен бул конфликт дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен гана чечиле турганын белгиледим. Аймактагы геосаясый кырдаалга көңүл буруу менен соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук, энергетикалык, маалыматтык-технологиялык өз ара байланыштарды бекемдөөдө байыртан келаткан салт боюнча Улуу Жибек Жолунун мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууну сунуштадык. Муну баары туура кабыл алышты.
- Президент Садыр Жапаров “элчилердин иши – канча инвестиция алып келгени менен бааланат” дегендей айтты эле. Бул багытта кандай иштер жүргүзүлүп жатат?
-
Ургаалдуу иш-аракеттердин натыйжасында октябрь окуяларынан кийин эл аралык
мамилелер тез аранын ичинде жолго коюлуп, жигердүү жүргүзүлүп, дипломатиялык
корпус уйку бетин көрбөй каруусун казык кыла эмгектенип келишти. Түштүк Корея
Кыргызстанды негизги өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргизгени, айыл чарбасы,
билим берүү, санариптештирүү
тармагына жардам бере турганы далил эмеспи. Ал эми Австрия саламаттык сактоо,
санариптештирүү жагына жеңилдетилген насыяларды берүү жагын караштырып жатса,
Швейцария стратегиялык кызматташууга 100 миллион швейцар франкын салуу чечимин
кабыл алган. Россия, Түркия, Кытай, Өзбекстан, Казакстан сыяктуу кошуна,
өнөктөш өлкөлөр колдон келген гуманитардык, каржылык жардамын берүүдө. Бул
биздин элчилердин тынбай жүргүзгөн иш аракеттеринин натыйжасы десек болот.
- Түркмөнстан, Тажикстанга болгон президенттин иш сапары кандай аяктады?
- Президенттин бул иш сапарлары жемиштүү, натыйжалуу болду. Түркмөнстан менен соода-экономикалык, маданий гуманитардык багытта келишимдерге кол коюлду. Тажикстан менен негизинен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөр конструктивдүү болду. Мындан ары паритеттүү комиссиялардын жумушу ушундай иштиктүү, достук маанайда уланат го деп ойлойм. Азыркы учурда геосаясый абал курчуп турат. Ушундай кырдаалда биз кошуналар менен достук мамилени бекемдеп, элибизге тынчтыкты камсыз кылышыбыз керек.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн