Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 04:54
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Руслан Казакбаев Дональд Лу менен жолугушуу өткөрдү

16.05.2021 15:24
979
Руслан Казакбаев Дональд Лу менен жолугушуу өткөрдү


Кечээ, 15-майында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Дональд Лу менен анын дипломатиялык миссиясы аяктагандыгына байланыштуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министр Р.Казакбаев Элчи Д.Луну Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча АКШнын Мамлекеттик катчысынын жардамчысы жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушууда акыркы жылдардагы тараптардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн жыйынтыгы чыгарылды, кызматташуунун келечектүү багыттары, алдыда боло турган эки тараптуу байланыштардын графиги талкууланды. Кызматташуу жөнүндө базалык макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү оң бааланды.

Тараптар регионалдык коопсуздук, ошондой эле тараптардын укук коргоо органдарынын ортосунда кызматташууну бекемдөө маселелерине да токтолушту.

Министр Р.Казакбаев Элчи Д.Луга ак жол жана өз ара пайдалуу кыргыз-америка кызматташуусун мындан ары бекемдөө ишиндеги анын жаңы кызматына ийгиликтерди каалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн