Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 20:41
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Руслан Казакбаев Душанбеде өткөн «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумуна катышты

01.12.2021 09:44
903
Руслан Казакбаев Душанбеде өткөн  «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумуна катышты



30-ноябрда Душанбе шаарында Корея Республикасынын, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде «Борбордук Азия – Корея Республикасы» кызматташтык боюнча 14-форуму болуп өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.


Өлкөнүн министрликтери менен ведомстволорунун өкүлдөрүнөн турган Кыргызстандын делегациясын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев жетектеп барды.


Министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасындагы учурдагы ички саясий кырдаал, тактап айтканда, 2021-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясы күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине биринчи жолу өткөн парламенттик шайлоо жөнүндө кыскача маалымат берди. Бул окуя кыргыз элинин эркинин өзгөрүүлөр саясий циклинин логикалык аяктоосу болуп калды.


Р.Казакбаев шайлоого 50дөн ашык өлкөдөн 14 шайлоо жана 20 эл аралык уюмдан, анын ичинде ШКУ, ЖККУ, КМШ, ТүркПА, ошондой эле ЕККУ/ДИАУБ эл аралык миссиясынын атынан 735 эл аралык байкоочу көз салгандыгын билдирди. Эл аралык байкоочулар КР Жогорку Кеңешине болгон шайлоону уюштурууга оң баасын беришти.


Иш-чаранын жүрүшүндө Борбордук Азия өлкөлөрүнүн делегация башчылары Корея Республикасы менен токой чарбасы, энергетика, саламаттыкты сактоо жана санариптештирүү тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алышты. Борбордук Азия өлкөлөрүнүн эксперттеринин катышуусунда өзүнчө тематикалык сессиялар өткөрүлдү.


Өз сөзүндө Р.Казакбаев белгилегендей, аймактык кызматташтык туруктуу тенденцияга ээ болуп, «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форматында активдүү диалогду жана практикалык өз ара аракеттенүүнү ар тараптуу куруу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт. Р.Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрү менен Корея Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилөө алкагында бул маанилүү датага карата бир катар иш-чараларды, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги өз ара визиттерди, бизнес-форумдарды жана кайчылаш маданият күндөрүн уюштурууну сунуштады.


«Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумунун алкагындагы өз ара аракеттенүүгө, ошондой эле Корея Республикасынын Президенти Мун Чжэ Индин түндүк багытындагы өлкөлөр менен бул чөйрөдө кызматташууну активдештирүүгө багытталган «Жаңы түндүк саясаты» демилгесине токтолуп, Р.Казакбаев тараптарды саламаттыкты сактоо, экология, гидроэнергетика жана санариптештирүү жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.


Ал учурда Кыргызстандын Өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнүн негизги багыты болуп мамлекетти өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин жайылтуу санала тургандыгын билдирди. Кыргызстан KOICAнын катышуусу менен ишке ашырылып жаткан «Түндүк» бирдиктүү системасы аркылуу шайлоо системасын санариптештирүүдө, мамлекеттик органдардын интеграциялоосундп жана өз ара аракеттенүүсүндө бир катар ийгиликтерге жетишти. Ушуга байланыштуу ал корея тарап менен бул багытта кызматташууну улантууга ишенимин билдирди.


Ал көптөгөн адамдардын курмандыктарына алып келген жана улуттук саламаттык сактоо тутумдарын болуп көрбөгөндөй күчтүү сыноого дуушар кылган COVID-19 пандемиясына байланыштуу дүйнөдөгү эпидемиологиялык кырдаал саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү зарылдыгын тастыктаганын баса белгиледи.


Ушуга байланыштуу ал Корея Республикасынын жетекчилигине өз убагында гуманитардык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле COVID-19 менен күрөшүүдө мамлекеттердин мындан аркы кызматташтыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.


Форумдун жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү жана Форумдун катчылыгынын 2022-жылга карата иш планы кабыл алынды, ошондой эле Катчылыктын Аткаруучу директорлугуна Ли Жонг Гуктун талапкерлиги жактырылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн