Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Руслан Казакбаев ЕБнын атайын укуктуу өкүлү менен Афганистандагы кырдаалды талкуулады

09.12.2021 16:24
900
Руслан Казакбаев ЕБнын атайын укуктуу өкүлү менен Афганистандагы кырдаалды талкуулады



2021-жылдын 8-декабрында Ташкент шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча Атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.


Жолугушуунун башында министр Р.Казакбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо эл аралык байкоочулардын кеңири катышуусунда жаңы система боюнча ийгиликтүү өткөнү тууралуу маалымат берди.


Жологушуунун жүрүшүндө эки тараптуу күн тартибинин негизги темаларын жана орто мөөнөттүү келечектеги пландарды талкуулашты. Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы Кеӊейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга жакынкы арада кол коюунун маанилүүлүгү баса белгиленди.


2022-жылы жогорку деңгээлдеги өз ара иш-сапарларды уюштуруу боюнча макулдашуулар талкууланды.


Тараптар ошондой эле Афганистандагы азыркы кырдаал жана афган элине колдоо көрсөтүү, анын ичинде Кыргызстандагы билим берүү долбоорлору аркылуу гуманитардык чөйрөдө кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.


Кыргызстанда Борбордук Азиядагы Европа университетин ачуу боюнча консультациялар уланды.


Министр Р.Казакбаев Атайын өкүл Т.Хакалага 2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында Европа Биримдиги – Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумун даярдоого жана өткөрүүгө кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык чөйрөлөрдө мамилелерди бекемдөөнү улантуу ниеттерин билдиришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн