Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 19-октябрда Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петр Буриан менен телефондон сүйлөшүп, бюджетти колдоо үчүн акча сурады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Р.Казакбаев Кыргызстанда саясий абал турукташып калганын белгилеп, өлкө укуктук талаага кайтып калганын айткан. Ошондой эле ал жакынкы убакта шайлоолор боло турганын да маалымдаган. Бирок, Европа биримдигинин өкүлү суралган каражатка кандай жооп узатканы белгисиз.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн