Бугу 13, 2024
Убакыт: 16:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Руслан Казакбаев Иранга темир жол коридорун ачууну талкуулады

28.10.2021 11:14
806
Руслан Казакбаев Иранга темир жол коридорун ачууну талкуулады

Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестициялар министри Руслан Казакбаевге Ирандын элчиси Саид Харразини өлкөнүн ТИМинин атынан расмий чакыруу тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлады.


Жолугушууда тараптар кыргыз-иран мамилелерин жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын кеп кылышкан. Анда Бишкекте Ирандын соода үйүн жана Бандар-Аббас деңиз портунун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Кыргызстан жаңы темир жол коридорун ачууну талкуулашканы айтылды.


Туристтик байланыштарды өнүктүрүү, авиарейстерди көбөйтүү жана иран тараптын Кыргызстандын гидроэнергетикалык долбоорлорун ишке ашырууга катышуусун да сүйлөшүшкөн.


Мындан сырткары, министр эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын алдында, тагыраагы, 2022-жылы Кыргызстан менен Иранда бир катар биргелешкен юбилейлик иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады. Эки тарап расмий сапарларга чыгып, Бишкекте кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясын 13-жыйынын өткөрүшөт

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн