Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ТИМ кызматкерлеринин аз айлык алгынына кейиди. Бул тууралуу ал ЖКнын тармактын комитетинде депутаттарга билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда иштеген ведомствонун өкүлдөрү кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла аз айлык маяна алат.
Кыргызстандагы атайын элчи 17 миң сом, Казакстан 58 миң, Тажикстан 40 миң, Азербайжан 208 миң сом алат.
"Биз эмгек акыны көтөрүүнү эки колубуз менен колдойбуз. Бирок мунун бардыгын премьер-министрге айтышыңыз керек. Өлкөнүн экономикасын көтөрсүн, эмгек акысын көтөрсүн. Бюджетти бекитүүгө алып келсин. Биз колдойбуз",- деп жооп берди министр депутат Пирматовго.
Пикирлер (1)