Бугу 04, 2024
Убакыт: 04:03
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Руслан Казакбаев ТМУнун башкы катчысы менен жолугушту

10.04.2023 17:41
517
Руслан Казакбаев ТМУнун башкы катчысы менен жолугушту

Стамбулга болгон иш сапарынын алкагында 2023-жылдын 8-апрелинде Элчи Руслан Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, жолугушууда тараптар түрк мамлекеттеринин көп тараптуу кызматташтыгын активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, жакында Самарканд жана Анкарада өткөн саммиттерде мамлекет башчылары кабыл алган чечимдерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн үзгүлтүксүз жумушчу байланыштарды улантууга макулдашышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн