Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 04:35
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Руслан Казакбаев: Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр төрт сааттан бери жүрүп жатат

28.01.2022 02:19
1487
Руслан Казакбаев: Тажик тарап менен сүйлөшүүлөр төрт сааттан бери жүрүп жатат


27-январда кечке маал кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыгып, эки тараптан тең ок атуу менен коштолууда. Эки коңшу бири-бирин күнөөлөп жатат. Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев «Азаттыкка» Дүйшөмбү менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу айтып берди.

- Министр мырза, кыргыз-тажик чек арасында абал курчуп турат. Азыркы учурда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери абалды жөнгө салуу боюнча кандай аракет көрүп жатат?

- Төрт сааттан бери сүйлөшүүлөр жүрүп жатат Тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде сүйлөшүүлөр болду, мен билгенден ички иштер, коргоо министрлери дагы байланышта. Андан сырткары Баткен жана Согд облусунун губернаторлору сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Чек ара кызматы жаңжал башталгандан бери абалды жөнгө салуунун аракетинде. Азыр жалпысынан ок атуу басаңдады, бирок маал-маалы менен ок атылып жатат.

Биринчи эле ок атылгандан кийинки сүйлөшүүдө кыргыз тарап түз эле сунушубузду бердик. Анда жергиликтүү бийликтин, күч органдарынын деңгээлинде комиссия түзүп, бүгүнкү жаңжалдын чыгуу себебин, хронологиясын, кандай курал колдонулду, келечекте мындай ок атууну кантип болтурбоо керек деген суроолорду иликтөөнү сунуш кылдык.

Буга чейин айтып келгендей, Кыргызстан эки тараптуу жана көп тараптуу келишим, протоколдорго таянып, өз позициябызда турабыз. Ал келишимдерди так аткарууга даярдыгыбызды билдиребиз. Чек ара маселелери дипломатиялык саясий жол менен тынч чечилиши керек деген позицияны бекем кармап турабыз.

- Тажик тараптын позициясы кандай? Эмне себептен ок атуу токтобой жатат?

- Тажик тарап биздин сунушту кабыл алды. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жолугушуусу созулуп жатат. Себеби, кезек-кезеги менен ок атылганына байланыштуу Баткен жана Согд облусунун губернатор, милиция, коопсуздук жана чек ара кызматтарынын башчыларынын жолугушуусу созулууда. Мен жакынкы убакытта эки губернатор жолугат деп күтүп жатам. Эртең болсо жогорку деңгээлдеги күч органдарынын жетекчилери, чек арачылар биз сүйлөшкөн негизде жолугушуп, комиссия түзүлөт жана иликтөө башталат деген үмүттөбүз.


Булак: «Азаттык» үналгысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн