Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Кайсери шаарында өткөн V эл аралык Күлтепе экономикалык саммитине катышты.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, анын алкагында элчи бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
Элчи алгач Кайсери шаарынын мэри Мемдух Бюйюккылыч жана Кайсери Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Өмер Гүлсой менен жолугушту. Жолугушууларда Кыргызстан менен Түркиянын аймактарынын ортосунда кызматташтыкты кеңейтүү, биргелешкен социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу, кыргыз продукциясын Түркияга экспорттоо жана Кыргызстанга инвестиция тартуу маселелери талкууланды.
Кайсери мэриясынын жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн Бишкек шаарына иш сапары менен келүүсү боюнча макулдашууга жетишилди.
Ошондой эле Руслан Казакбаев саммиттин алкагындагы панелдик сессияда сөз сүйлөп, Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасынын артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат берип, энергетика, айыл чарба, жеңил жана кайра иштетүү өнөр жайы, туризм сыяктуу тармактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү баса белгиледи.
Анда Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу жана 2025-жылдагы Кыргызстандын төрагалыгы өзгөчө белгиленди.
Саммиттин алкагында Түркиянын соода министри Өмер Болат, Кайсери облусунун губернатору Гөкмен Чичек жана ASKON ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Орхан Айдын менен жолугушуулар өтүп, эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери талкууланды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн