Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:33
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Руслан Казакбаев Түркиянын энергетика министри менен жолукту

04.08.2023 13:25
325
Руслан Казакбаев Түркиянын энергетика министри менен жолукту


Түркия энергетика, жаратылыш ресурстары тармагында Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды

Элчи Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар менен жолугушкан. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы саясий, соода-экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээли талкууланган. Буга байланыштуу элчи Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) жана анын алкагында түзүлгөн инвестициялык фонддун өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдөгү маанилүү ролун баса белгилеген.

"Ошону менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик тышкы карызын реструктуризациялоо, анын ичинде аны "жашыл экономика" чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу (конверсия) механизмин колдонуу боюнча президент Садыр Жапаровдун демилгесине көңүл бурдум. Бүткүл региондун экологиялык проблемаларынын актуалдуулугун эске алуу менен Түркия Республикасы өнүктүрүү боюнча негизги өнөктөштөрдүн бири катары кыргыз тараптын бул демилгени алдыга жылдыруу жана ийгиликтүү ишке ашыруу боюнча күч-аракеттерин колдойт деген ишенимин билдирдим", - деди элчи. 

Казакбаев кошумчалагандай, жолугушуунун негизги темасы Кыргызстан менен Түркиянын Кыргызстандагы чакан жана орто ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу жаатында кызматташуусу болду.

"Кыргызстандын гидроэнергетика тармагындагы потенциалына кеңири токтолуп, жагымдуу мыйзамдык базаны белгиледим. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн капиталы жана алдыңкы технологиялары менен түрк компанияларын тартуу менен саясий колдоо көрсөтүүгө чакырдым.

Ошондой эле иштеп жаткан "CASA-1000" жана башка энергетикалык долбоорлорго токтолуп, электр энергиясын башка өлкөлөрдүн рынокторуна сатуу мүмкүнчүлүгүн белгиледим", деп билдирди элчи. 

Андан тышкары, Руслан Казакбаев Кыргызстандын жаратылыш байлыктарына токтолуп, түрк компанияларынын алтын өндүрүүгө инвестициялары тууралуу сөз кылган. Ошондой эле “Кумтөр” улутташтырылган компаниясы тууралуу маалымат берип, кыргыз тараптын жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагында иштеген түрк компанияларын көбүрөөк тартуу каалоосун билдирген. 

Өз кезегинде министр Алпарслан Байрактар Кыргызстан менен энергетика тармагындагы кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, энергиянын кайра жаралуучу булактары, атап айтканда, чакан жана орто ГЭСтерди куруу биргелешкен долбоорлор үчүн жакшы негиз боло аларын баса белгиледи. Ошондой эле жаратылыш ресурстары тармагында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү министрликтердин жетекчилеринин Кыргызстан менен Түркияга өз ара иш сапарларын өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн