Чын курандын 07, 2025
Убакыт: 09:10
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен жолугушту

11.11.2020 09:23
570
Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу менен жолугушту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдирди. 


Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлер боордош өлкөлөр ортосундагы көп тармактуу маселелерди талкуулап бир топ келишимдерге кол койду. Мевлүт Чавушоглу Кыргызстандагы саясий абалды колдой турганын жана эки өлкө ортосундагы мамилени мындан ары да бекемдерин белгиледи.


Келишимдердин натыйжасында Кыргызстанда "Мариф" фондунун мектептерин ачуу жана 1 млрд долларлык соода жүгүртүү келишимдерине кол коюлду.


Жолугушуудан кийин министрлер журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн