Мурдагы Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Бириккен улуттар уюмунун жана башка Женевадагы эл аралык уюмдардын туруктуу өкүлү кызматына дайындалышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кактус.медиа” редакциясы өздүк булактарына таянып билдирди.
Руслан Казакбаев 22-апрель күнү Кыргызстандын тышкы иштер министри кызматынан бошотулган.
Эске салсак, аталган кызматты буга чейин азыркы Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиев ээлеп турган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн