Баш оона 04, 2025
Убакыт: 12:53
USD
87.30
87.80
EUR
100.70
101.70
RUB
1.080
1.115

Руслан Казакбаев менен Лавров эмне тууралуу сүйлөштү?

20.05.2021 08:16
1319
Руслан Казакбаев менен Лавров эмне тууралуу сүйлөштү?

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту. Жолугушуу  19-майда, ЖККУга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлери кеңешинин кезектеги отурумунун алкагында болгонун ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Тараптар алдыдагы тышкы саясий иш-чараларды, буга чейинки келишимдердин аткарылышын талкуулашты.


“Кыргыз-Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери жана аймактагы кырдаал боюнча ой- пикирлер айтылды. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстан менен Россиянын ортосунда буга чейин каттаган темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну жана унаа кыймылын толук кандуу жандандыруу маселелерин талкуулашты”, — деп айтылат билдирүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн