Бугу 16, 2024
Убакыт: 22:02
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Руслан Казакбаев жаңы кызмат сунушталбаганын билдирди

25.04.2022 11:44
551
Руслан Казакбаев жаңы кызмат сунушталбаганын билдирди

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев ага жаңы кызмат сунушталбаганын билдирди. Бул тууралуу мурдагы министр "ПолитКлиника" редакциясына билдирген.


«Азырынча үйдө эле эс алам. Кызмат жөнүндө сөз жок. Аталган кызматка башка бирөөнүн талапкерлиги мурда эле каралып жаткан. Ошого байланыштуу жазып жатышса керек», — деп билдирген Казакбаев.


Казакбаев билдиргендей, Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлүнө башка талапкер кармалганын кошумчалады.


Буга чейин айрым маалымат каражаттары Руслан Казакбаев Кыргызстандын Женевадагы туруктуу өкүлү болуп дайындалышы мүмкүн экенин жазган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн