Жалган курандын 28, 2024
Убакыт: 23:24
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Руслан Казакбаевдин жашоосу дайым “5”, “5” болсун

18.05.2022 09:11
8545
Руслан Казакбаевдин жашоосу дайым “5”, “5” болсун


Бүгүн дасыккан дипломат, билими менен иши айкалышкан белгилүү мамлекетчил саясатчы Руслан Казакбаевдин туулган күнү. 55 жашты арыткан каарманыбызды куттуктайбыз!


Эгемендүү өлкөбүздүн кышын кынаптоодо биздин каарман кыйгап өткөн жок. Өзгөчө 30 жылдык тарыхыбызда Руслан Айтбаевич тышкы иштер министрлигиндеги катардагы кызматкерден тартып, эки ирет министрлик орунга дейре жетти. Анын тагдырындагы урунттуу делген өзгөчө эки окуя: 2010-2020-жылдардагы элдик көтөрүлүштөрдөн кийин мамлекетибиз чайпалып турган шартта өлкөбүздүн тышкы иштер министри болгондугу, кырдаалды тез арада жөнгө салганга олуттуу эмгегин жумшап, кыргыз дипломатиясынын легендасы катары дүйнөлүк алкакта алакандай Кыргызстандын ордун жоктотпой, сактап калганга салым кошкондугун чечмелегенде не? Саясатты туура аңдап-талдаган калың катмар да бул жагын жакшынакай түшүнүп алышкан. 


Ооба, бүгүн каарманыбыз көп сыноолордон ийгиликтүү өтүп, бышып турган кербези. Өзгөчө ири державалардагы бир катар кесиптештери менен жылуу мамиле күтө алганы, дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлердин кыргыздын башкы дипломатына карата назары түшкөнү, оор салмактагы саясатчы катары бир катар саясый күчтөрдүн колдоосуна алынганы, оош-кыйыш кырдаалдарда озгон инсан катары аны тагдыры алдыда кай нукка бурат? Эми бул жагы убакыт-сааты чыкканда өзүнчө сөз болоор... Биз кыргыз дипломатиясындагы өзгөчө бир эпохага татыган, бир кездеги легендарлуу дипломат Примаков сындуу кыргыздын “оор калибрдеги” инсаны тууралуу сөз тизгинин кезеги келгенде козгойлу. Ашыкпайлы. 


Азырынча бир гана сөз: Өздүк майрамыңыз болгон туулган күнүңүз кут болсун жолдош дипломат! 55 жаш. Эки беш. Символикалуу курак! Руслан акебиздин жашоосу да дайым “5, 5” болсун! Жаштан-жашка толуп, бар болуңуз кадырлуу менин дос агам! Жараткан сиздин баардык жакшы иштерге карай жолуңузду ачып, оомат-дөөлөтүнөн айырбасын. Кыл чайнашкан кыйын кырдаалдарда бирге бололу...


Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн