Бугу 16, 2024
Убакыт: 09:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

ШАЙТАН АРАБА

22.05.2021 12:38
2531
ШАЙТАН АРАБА


 

         Балдарыбызга велосипед тандаганы базар аралап жүрөбүз. Велосипеддин ар кыл түрү бар, балдарым, өзгөчө, экинчиси улам бирин тээп көрүп, кубанычында чек жок. Кайсынысын тандаарын билишпей, өздөрүнчө убара чегип жатышты.

         Балдарым менен кошо мен дагы ичимден кудуңдап алгам. Алардын велосипеддүү болгонуна сүйүнгөндөрүн карап отуруп өзүмчө ностальгия болуп, таттуу бала чагымдын акыркы бир үзүмү көз алдыма тартылды.

         ... Көптөн бери ачыкка чыгара албай жүргөн “досторум сымал менин да велосипедим болсо” деген изги тилегимди акыры атама билдирдим. Ошондо илмейген мени аядыбы, айтор:

         - Жолдо кыйма-чийме өткөн машиналар толтура. Машиналардын алдына кирип кетип, арка-мойнуң астында калбасың. Тынч эле жашайлы, - деп кескин баш тартып койду.

         Ичим туз куйгандай тызылдап ачышты. Намыстандым. Түндө чоң апама окуяны төкпөй-чачпай баяндап, аябай катуу арыздандым.

         - Жанагы шайтан арабаны (велосипед дегени) сатып алып бербейм дедиби? – деп сурады чоң апам.

         - Ооба, - дедим бышактап.

         - Балам, менин үч айлык пенсиямды чогултсак шайтан араба келет экен. Болду, көп ыйлай бербе. Өзүм алып берем, - деген чоң апамдын сөзүнөн кийин не бир таң атсачы! Көпкө чейин уктай албай жаттым. Болгондо да өзүмдүн велосипед тээп баратканымды элестетип, бактымда чек жок эле.

         Анан үч айдын өтүшүн күтүп, күн санай баштадым. Арадан бир ай өтүп-өтпөй чоң апам каза болуп калып атпайбы! Ана сага трагедия!

         “Эсил кайра-а-ан апакем, оой!” деп боз үйдүн жанында эки күн бою өкүрүп турдук. Бир чети чоң апамдан айрылганыма ичим ачышса, биресе, үч айлык пенсия эми чогулбай, өзүмдүн менчик велосипедим болбой турганын эстеген сайын ого бетер арманым ашып-ташып, үнүмдү болушунча катуу чыгарып, өкүрүп жаттым.

         Алынбай калган велосипед, үч айлык пенсиясына жетпей жалган дүйнө менен кош айтышып кеткен чоң апам менен кошо менин да баёо балалык курагымдын акыркы жалбырагы үзүлгөн экен.

         Азыр үйдө велосипед деле бар. Бирок, ал мага мурдагыдай кубаныч сезимин тартуулай албайт. Күнүмдүк турмушка керектелүүчү буюм катары гана колдонулат.

         ... Машинада келатып балдарымдын көзүнөн өзүмдүн бала чагымды көрдүм. Күзгүдөн өзүмдү карадым. Көзүмдү карадым. Чоң апамдын элесин көрө албадым. Шайтан арабаны чалдыктырбадым...

 

         Нурканбек КЕРИМБАЕВ

Пикирлер (4)

Коопсуздук коду
Уланбек
Сонун чыгарма. Шайтан араба десең Бармакты эстеп кеттим. Балам бир күнү сейил бактын жанынан өтүп баратканда, ушул жакка баралычы дейт. Кийин келебиз десем, анда мен чоңоюп кетем деди. Ошондо әр бир нерсени өз убагында аткарганга аракет кылыш керек экен деген ой кетти. Нуркен, чыгармачылык ийгилик!!!
Осмонов
Аябай таасирдүү чыгарма болуптур.
Ира
Аябай таасирдуу окуя экен.Ошондуктан балдардын кыялын орундатууга аракет кылышыбыз керек,ошол бактылуу муноттор омур бою эсинде калат
Назгуль
Баардык нерсенин өз мезгили болот экен. Убагында биз жетпей калган нерселерге балдарыбыз жетсин. Нурканбектин жазганын окуп, ошол кездеги балалык кыялын элестеттим. :) Эми балдарыныздын балалык кыялын аткарыптырсыз. Балдарыбыз эч нерседен кем болбой өссүн деген тилек.