Бугу 14, 2024
Убакыт: 00:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Швейцариялык дарыгерлер биздин медиктерге кеңеш берип жатышат - К.Мамбетов

28.07.2020 17:03
1363
Швейцариялык дарыгерлер биздин медиктерге кеңеш берип жатышат - К.Мамбетов


Швейцариялык дарыгерлер менен онлайн кеңешме өткөрдүк. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун консультанты Касымбек Мамбетов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. 


Анын айтымында, кыргызстандык адистер аларга жардам сурап кайрылышкан. 


"Онлайн кеңешмеде ооруканалардагы абал, мобилдүү топтордун иши, дем алдыруучу аппараттардын абалы тууралуу маалыматтар айтылды. Швейцариялык дарыгерлер биздеги баардык көйгөйлөрдү  билишет. Алар өз ойлорун айтышты. Ооруп жаткан бейтапты дарылоо жана айыгып чыккандан кийин реабилитация кандай болушу керектиги боюнча кеңештерди беришти.


Бизде ушул жумада дарылоонун  4-колдонмосу иштелип чыгат. Ал даяр болгон соң швейцариялык кесиптештерге жөнөтөбүз. Алар изилдеп көрүп, өздөрүнүн кеңештерин беришет. Дарылоо алгоритмин улам өзгөртүп туруу керек. Анткени ар бир бейтапты бирдей дарылоого болбойт", - деди Касымбек Мамбетов.




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн