Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

ШКУ өлкөлөрү маданий байланыштарды бекемдөөнү талкуулады

19.08.2021 08:51
830
ШКУ өлкөлөрү маданий байланыштарды бекемдөөнү талкуулады

Бүгүн, 2021 -жылдын 18 -августунда видеоконференция форматында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин он сегизинчи жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.


Отурумга Индия Республикасынын Мамлекеттик маданият министри Аржун Рам Мегвал, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова, Кытай Эл Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Чжан Сюу, Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук мурас жана маданият министри Шафкат Махмуд, Россия Федерациясынын маданият министринин орун басары Ольга Ярилова, Тажикстан Республикасынын маданият министри Давлатзода Зульфия Давлат жана Өзбекстан Республикасынын маданият министри Озодбек Назарбеков жана ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов катышты.


Отурумга Кыргызстандан Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышып, сөз сүйлөдү. 


ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлери достук мамиле жана өз ара түшүнүшүү менен, ШКУнун алкагында маданият тармагындагы кызматташтыктын абалын жана келечегин, ШКУ өкмөттөрүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, 2007 -жылдын 16 -августунда Бишкек шаарында өткөн Маданият министрлеринин жыйынындагы макулдашуулар тууралуу маалымат угулду. 


Тараптар Уюмдун алкагында көп тараптуу жана эки тараптуу маданий байланыштарды мындан ары өнүктүрүүнү колдоп, өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого, маданияттын көп түрдүүлүгүн сактоого, бири -бирин урматтоого жана ШКУ мейкиндигинде жашаган элдердин салттары жана үрп -адаттарын жөнүндө кеңири маалымдоого жана сыйлоо ниеттерин билдиришти. 


Ошондой эле, жыйында ШКУнун байкоочу мамлекеттери жана диалог боюнча өнөктөштөр менен маданият жаатында өз ара аракеттенүүнү түзүүгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.


    ШКУга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин кезектеги жыйыны 2022 -жылы Өзбекстан Республикасында өтөт. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн