Бугу 02, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында кандай документтерге кол коюлду? (тизме)

26.10.2023 13:49
289
ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгында кандай документтерге кол коюлду? (тизме)


Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйыны аяктады.

Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;

2. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчету тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;

3. 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету тууралуу ӨБК чечими;

4. Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;

5. Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;

6. Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө Жобо тууралуу ӨБК чечими;

7. ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;

8. ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент ш., 2019-жылдын 2-ноябры);

9. Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;

10. Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;

11. ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча ӨБК чечими;

12. 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;

13. ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);

14. 2024-жылы ШКУла “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн