Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 14:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

ШКУнун биргелешкен машыгуусунда кыргыз аскерлери маданият күнүн белгиледи

21.09.2021 17:22
545
ШКУнун биргелешкен машыгуусунда кыргыз аскерлери маданият күнүн белгиледи

Россия Федерациясынын Оренбург областынын «Донгуз» полигонунда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин террорго каршы аскердик командалык-штабдык «Тынчтык миссия – 2021» биргелешкен машыгуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият күнү өткөрүлдү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Кыргыз аскер кызматкерлери концерттик программа даярдап, көпчүлүктүн купулуна толгон «Кара жорго» салттык бийин топ болуп бийлешти. Ошондой эле концерттик программада кыргыз, орус жана кытай тилдериндеги ырлар жаӊырып, көрүүчүлөрдү кубантты. 


Коноктор үчүн майрамдык кечки тамактануу уюштурулуп, кыргыз ашканасынын салттуу тамактарын камтыган: боорсок, тандыр наны жана албетте бешбармак ж.б. у.с. тамактар болду.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн