Тогуздун айы 22, 2024
Убакыт: 12:30
USD
85.35
85.85
EUR
92.00
93.00
RUB
0.878
0.910

Шаар 100 миңге эсептелгени менен Бишкекте 400 миңден ашык унаа бар, - Алымбеков

17.10.2024 11:32
198
Шаар 100 миңге эсептелгени менен Бишкекте 400 миңден ашык унаа бар, - Алымбеков


Борбор калаада 400 миңден ашык унаа бар, деп билдирди 17-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков Бишкекте өтүп жаткан "Урбан форумунун" сессиясында.


Анын айтымында, коңшу шаарлардан 50 миңдей унаа келип-кетип турат.


«Учурдагы жолдор жана түйүндөр мындай көлөмдөгү унаа кыймылына ылайыкталган эмес. Шаар 100 миңге жакын унаага ылайыкталган, шаарда 1,2 миллион калкка 400 миңден ашык унаа бар», - деди ал.


Директордун орун басары борбор калаадагы тыгындын себептери: көчөлөрдүн боюндагы башаламан унаа токтотуучу жайлар, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелердин тармагынын жоктугу жана башкаларга токтолду.


Ал ошондой эле тыгын маселесин чечүү чараларын айтыа өттү: экологиялык жактан таза автобустарды сатып алуу, экотакси кызматтарын киргизүү, велосипед жолдорунун тармагын өнүктүрүү, коомдук транспорт үчүн атайын тилкелер тармагын өнүктүрүү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн