Бугу 02, 2024
Убакыт: 07:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Шаар башчысы оңдоодон өтүп жаткан мектептердин абалы менен таанышты

17.07.2021 08:28
1442
Шаар башчысы оңдоодон өтүп жаткан мектептердин абалы менен таанышты

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов №46 мектепте болуп, жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин сапаты менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинин жаңы имаратында жылытуу тутуму оңдолуп жатат. Буга чейин жылытуу иштери эски имаратта дагы оңдолуп келген.


"Учурда жылуулук тутуму демонтаждалууда. 750 чоюн батареясы орнотулат", - деп айтылат билдирүүдө.


Шаар башчысы билим берүү мекемесинин периметри боюнча тосмо уюштуруу керектигин белгиледи.


Оңдоо иштерин “Гипостил” ЖЧКсы жүргүзүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн