Бугу 10, 2024
Убакыт: 07:11
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Шаар бийлиги 118 колл-борборуна иштөөгө келген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

02.07.2020 19:04
1056
Шаар бийлиги 118 колл-борборуна иштөөгө келген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди


Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов жаңы 118 колл-борборунун иши менен таанышты, деп маалымдады мэриянын басма сөз кызматы.


Бул борбордо күнү-түнү 40тан оператор чалууларды кабыл алып, клиникалык ординаторлор, өз каалоосу менен келген медиктер кеңештерин берүүдө. Бардык операторлор Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритми боюнча толук окуулардан өтүүдө.


Шаар башчысы операторлордун иштеринин уюштурулгандыгын текшерип, бардык коргонуу каражаттары менен камсыз кылууну жана тамактандырууну жакшы уюштурууну тапшырды.


Азиз Суракматов өлкөдө болуп жаткан кыйын кырдаалда элге жардам берүүгө келген ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди.

 

Белгилей кетсек, 118 кызматы менен биргеликте бардык райондук акимиаттар, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана мобилдик топтор шаардыктарга кеңеш жана жардам берүү үчүн тартылган.Операторлордун айтуусу боюнча, шаар тургундарынын көпчүлүгү тез арада ооруканага жаткыруу жана ПЦР-тесттен өткөрүү өтүнүчтөрү менен кайрылышууда.

Эскерте кетсек, 118 колл-борбору №2 орто мектептин залында ММК, «Кыргызтелеком» ААК жана Бишкек шаардык телефон тармагынын жардамы менен уюштурулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн