Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында шаар ичиндеги посттор түнкү саат 00:00дө алынарын Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 30-апрелде айтты.
“Бүгүн түнкү саат 00:00дөн тарта шаар ичиндеги блокпосттор алынат. Ал эми жөө жана унаалар менен кайгуул кылган кызматкерлер кала берет”, - деди министр.
“Анда 8 миң такси кызматкерине эмне үчүн электрондук уруксат кагазы берилет?”, - деп Дастан Бекешов суроо салды.
Ага комендант Алмаз Орозалиев “Канча такси кызматкери иштеп жатат жана алар талапка жооп берерин текшеришибиз керек. Электрондук уруксат кагазын берүүгө 30 секундадан 1 мүнөткө чейин убакыт кетет”, - деп жооп берди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн