Шаар тургундары тийиштүү камы жоктугуна байланыштуу азык-түлүк сатып алууга мүмкүндүктөрү жетпей жатат. Бул тууралуу 7-майда болгон брифингде Бишкек шаарынын вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, жагдай эске алуу менен жардамга муктаж болгон үй-бүлөлөргө тамак-аш жана ун түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлүүдө.
"Кризис шаардыктардын экономикалык
абалына таасирин тийгизди. Аларда туруктуу кирешеси жок болгондуктан акча
каражаттарынын камы түгөндү. Ошондой эле борбор калаанын калктуу конуштарында
жашаган аялуу калктын туруктуу эмгек акысы же тийиштүү камы жоктугуна
байланыштуу азык-түлүк сатып алууга мүмкүндүктөрү жетпей жатат”, - деди Бакетаев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн